• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Кайрат Осмоналиев Азербайжан президентине ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-октябрында Баку шаарында Кыргызстандын Азербайжан Республикасындагы элчиси Кайрат Осмоналиевдин Азербайжан президенти Ильхам Алиевге ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанаттын жүрүшүндө элчи Осмоналиев Азербайжандын башчысына КР президенти Садыр Жапаровдун саламын жана пандемия учурунда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле, КР президенти аны Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырып жатканын жана жакын арада жолугушууга даяр экенин белгиледи.

Азербайжандын президенти элчи Осмоналиевди Азербайжан Республикасына келиши менен куттуктап, КР президентин Азербайжанга иш сапары менен келүүгө чакырып, ага жакшы каалоолорду жолдоду.

Алиев Азербайжан кыргыз тарап менен байланыштарды активдештирүүгө үмүттөнөрүн белгилеп, ошондой эле саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара кызматташууга даяр экенин билдирип, Азербайжандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө жана Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду кеңири талкуулоого даярдыгына өзгөчө басым жасады.

Иш-чаранын соңунда Азербайжандын президенти элчи Осмоналиевге азербайжан жергесинде эки өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн ийгиликтүү жана жемиштүү иштөөнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий