• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл Өзбекстанда Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 18.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият жана искусство тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын динамикалуу өнүгүүсүн, өз ара активдүү маданий алмашууларды, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарынын ортосундагы активдүүлүктү белгилешип, ошондой эле маданият тармагындагы байланыштарды чыңдоонун мындан аркы перспективаларын талкуулашты.

Мындан тышкары, быйыл Өзбекстанда Кыргызстандын Маданият күндөрүн өткөрүү маселеси, ошондой эле маданият жана искусство тармактарында кадрларды даярдоо чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү өзүнчө каралды.

Пикир

Оставить комментарий