• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элдешип алышты. Караколдо күйөөсү бензин чачып өрттөгөн келин тосмо арыз жазды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Караколдо күйөөсү бензин чачып өрттөгөн аял милицияга тосмо арыз жазды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициянын маалыматында, январь айынын аягында жабыркаган аял күйөөсүн кечирип, тосмо арыз жазган.

Укук коргоо органдарынын "Кабар" агенттигине билдирүүсүндө, эркек кишинин жоругу өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар болгондуктан иш токтотулбайт. Учурда ал камакта отурат. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Эскерте кетсек, 4-январда саат 16:30 чамасында Каракол шаарынын милиция кызматына Торгоев көчөсүндөгү кафенин алдында эркек киши аялга бензин чачып, өрттөп салгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлеринин тергөө учурунда аныкталгандай, үй-бүлөлүк уруштан улам Ак-Суу районунун Маман айылынын 35 жаштагы Ч.Н., аттуу тургуну Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 33 жаштагы Б.С., аттуу аялга бензин чачып, өрттөп салган. Андан кийин окуя болгон жерден качып кеткен.

33 жаштагы аял өрттөн күйүк алып, ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер бейтаптын жүзү, колу жана буту биринчи даражадагы күйүк алганын аныкташкан.

Белгилей кетсек, Ч.Н., аттуу тургун жабыркаган келиндин жарандык күйөөсү болгон.

Пикир

Оставить комментарий