• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элдияр Калдарбеков "Кыргыз көмүр" ишканасына директор болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Элдияр Калдарбеков "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасына директор болуп дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Элдияр Калдарбеков 1989-жылы туулган. Жаңы директорду энергетика министринин орун басары Ч.Касымов ишкананын жамаатына тааныштырды. Мурдагы директор Мирлан Жакыпов башка ишке которулган.

Калдарбеков буга чейин КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинде директордун орун басары болуп иштеген.

Пикир

Оставить комментарий