• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 09.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 5-апрелиндеги „Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, мамлекеттик башкаруу системасындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 45 «Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

— жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамында:

Ш. У. Асымбеков, Т. Д. Абдраимов чыгарылсын;

Кылжыев Самат Аскербекович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси — министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; Намазалиев Алтынбек Абдисаламович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү киргизилсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий