• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элдик дружиначылар КР президенттигине талапкерлерди өлкө туруктуулугуна коркунуч жаратпоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 02.10.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Элдик дружиначылар Кыргызстандын президенттигине талапкерлерди өлкөдө туруктуулукка коркунуч жаратпоого чакырат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Патриот” коомдук уюмунун башчысы Тариель Исаков билдирди.

Анын айтымында, акыркы убакта өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттери байкалууда. Буга президенттик шайлоо шылтоо болууда. “Биздин республика бутуна тура баштады, өлкөгө туруктуулук, тынчтык келди. Бизге башаламандыктын кереги жок. Өлкөдө ызы-чуу болгон оор мезгилдер баарыбыздын эсибизде. 2005, 2010-жылдардагы окуялардын кайталанышын каалабайбыз. Биз, дружиначылар катары өлкө тынчтыгы үчүн турууга даярбыз”, - дейт Исаков.

Активисттер президенттикке талапкерлерге жагдайды курчутпоого чакырды. “Биз саясатчыларды чагымчылыкка барбоого чакырабыз. Саясатчылар, ойлонгула! Кыргызстандын келечеги биздин колубузда. Силер, талапкерлер, мыйзам чегинен чыкпайбыз, аны сактайбыз деген меморандумга кол койгонсуңар”,- деп чакырды Исаков.

“Элдик дружиналар биримдиги” коомдук уюмунун төрагасы Алга Кылычев 2012-жылдан тарта президент Атамбаевдин демилгеси менен Кыргызстанда шайлоолордо каруселди четтеткен биометрикалык маалыматтар киргизилгенин белгиледи. “Биз кандай айлалар жасалып, урналарды алмаштыруу, бюллетендерди таштоо жүргөнүн билебиз. Эми биометрика менен мындай каруселдерди жасоого мүмкүн болбой калды. Натыйжада, парламенттик шайлоо жана референумду жакшы өткөрүп алдык. Бирок учурда өлкө туруктуулугуна коркунуч жаратылууда. Добуштарды сатып алуу жана Кыргызстанда төңкөрүш жасоо жөнүндө криминал менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Биз учурда тигил же бул талапкерди коргоп же айыптаган жокпуз. Бул жөн гана жарандык позициябыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий