• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элдик координациялык кеңеш Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп дайындалышына каршы

Коом 0

Бишкек, 07.10.20./Кабар/. Элдик координациялык кеңеш Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп дайындалышына каршы.

"Чоң Казат" партиясынын лидери Максат Мамыткаонв билдиргендей, парламенттеги коалициялык көпчүлүк кечээ күнү парламенттин кезексиз жыйынында Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына көрсөтүү чечимин кабыл алды.

"Биз ал чечимди тааныбайбыз, эл да тааныбайт. Революцияны эл жасайт. Ал эми мурдагы эле саясатчылар портфель менен бөлүшүү менен алек. Ал маселени жалпылап чечүү керек, кайра эле Жогорку Кеңештин чечими менен эмес. Бардыгы укуктук талаада чечилиши керек", - деди ал.

Элдик координациялык кеңештин мүчөлөрү өкмөт башчы катары кимди көрөрүн айта алышкан жок.

Элдик координациялык кеңешке "Чоң Казат", "Ордо", "Реформа" ж.б. партиялар кирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий