• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Элдик кошуундардын катарына кирген адамдардын саны 10 миңден ашат - Искаков

Коом 0

Бишкек, 08.10.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Элдик кошуундардын катарына кирген адамдардын саны 10 миңден ашат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Элдик кошуундар союзунун төрагасынын орун басары Тариэл Искаков билдирди.

Анын айтымында, Элдик кошуундар союзу 2010-жылдан бери иштеп келет.

"Мындан ары да башаламандык болсо ыктыярчылардын саны өсөт. Кайдыгер карабаган адамдар өтө көп. Кыргызстандын бардык жарандары мыйзамсыздыкка каршы туруп берет", - дейт ал.

Искаков элдик кошуундар шаардын коопсуздугун өлкөдө абал турукташканга чейин көзөмөлдөп турарын айтат.

"Буга чейин мародерлор дүкөн, соода борборлорун тоносо, эми саясий мародерлер пайда болду. Айрым топтор учурдан пайдаланып кызмат орундарын ээлей баштады. Ошол эле "Кыргызалтын", "Мегаком" ишканасын басып алуу аракети болду. Мындай болбойт", - деп белгиледи ал.

Искаков кошумчалагандай, башаламандык болгон учурда милиция кызматкерлери жарандык кийимде ыктыярчылар менен бирге тартипти көзөмөлдөдү.

Пикир

Оставить комментарий