• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Элдик курултай жана анын коомдогу орду

Аналитика 0

Тарыхыбызга кайрылсак, кыргыздар көчмөн калк болгондуктан көпчүлүк мезгилде мамлекеттик туруктуу бийлик органы болгон эмес. Биздин ата-бабаларыбыз ар кыл маселелер боюнча курултай өткөрүп келишкен.

Ата-бабаларыбыз курултайды өткөрүүдө күн тартибинде карала турган маселелерди алдын-ала айтышып, ага үч ай мөөнөт берген. Курултайга келген адамдар күн тартибиндеги маселени гана талкуулашкан. Курултайга каралган маселе боюнча даярдыгы бар, билген адамдар гана катышкан. Талкуулардын негизинде эрежелер келип чыккан. Ал эми кыргыздардын адат укугунун негизги булагы – эреже болгон.

Кыргыздар Элдик курултайдын негизинде мыйзамдарды, эрежелерди кабыл алышып, ал Жогорку соттун милдетин аткарган, эл аралык маселелерди чечкен жана ар кандай чарбалык иштерди караган.

Буга чейин мамлекеттик бийлик Элдик курултайдын демилгесин бийлик өзүнүн кызыкчылыгына колдонуп келген. Кыргызстанда 1992-жылы 30-августта кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк Биринчи курултайы болгон. 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын 52-беренесинде элдик курултай жөнүндө жобо белгиленген. Анда “Кыргызстандын эли коомдук, мамлекеттик маанилүү иштер боюнча элдик курултай өткөргөнгө укугу бар” деп жазылган. Бирок ошол боюнча элдик курултайдын мыйзамы кабыл алынган эмес.

2021-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынып, анын 7, 70, 85, 96-беренелерине Элдик курултай жөнүндө жоболор киргизилген жана анын макамы, функциясы аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин 1-пунктунда Элдик Курултай коомдук- өкүлчүлүктүү жыйын деп жазылып турат. Демек, Элдик курултай институтунун макамын аныктаганда ал жарандык коомдун жыйыны болот. Кыргызстанда жарандык коом тасирдүү, алар дайыма курч маселелерди көтөрүп турат. Элдик курултай институту жарандык коомдун өкүлдөрүнүнүн борбордук жыйыны болуп, анын өнүгүшүнө кенири шарт түзөт. Ошентип Элдик курултай статусу боюнча бул мамлекеттик бийликтин органы эмес.

Курултайдын функциясы Конституциясынын 7-беренесинде “Элдик Курултай кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет” деп жазылган. Ал эми коомдун өнүгүү багыттары: коомдун экономикалык, саясий, социалдык, руханий негиздери жана коомдун коопсуздугу. Ушул беш багыт боюнча сунуштарын беришет. Сунуштар делегаттар тарабынан Элдик Курултайдын жыйынында же болбосо программа, мыйзам долбоор катары берилүүсү өтө маанилүү. Андан сырткары, мамлекеттик кызматкерлерге карата, анын ичинде Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин ишмердиги боюнча өзүлөрүнүн сунуштарын бере алат.

Конституциясынын 7-беренесинде Элдик Курултайдын ал эми 76-беренеде Жогорку Кеңештин макамы менен функциялары так жазылган. Тактап айтканда, 76-беренеде “Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын негизинде контролдук функцияларын жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган” деп жазылган.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик бийликтин бутагы. Ал мамлекеттин мыйзам чыгаруучу органы жана өзүнүн ыйгарым укуктарына жараша мамлекеттик бюджеттин аткарылышын текшерет. Андан сырткары кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Ал эми Элдик курултайда андай укук жок. Конституцияда Элдик курултай өкүлчүлүктүү орган деп жазылса, Жогорку Кеңеш жогорку өкүлчүлүктүү орган деп жазылган. Айырмасы чоң, себеби Жогорку Кеңеш мамлекетте мыйзам чыгарган жападан жалгыз орган. Ошол эле мезгилде анын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Ал эми Элдик курултайда мамлекеттик бийлик органдарынын функциясы жок. Конституциянын 85-беренеси боюнча Элдик курултай мыйзам чыгаруу демилге укугуна ээ болуп, Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун сунуштайт.

Жогорку Кеңеш менен Элдик курултайдын ишмердигин шайкеш жүргүзгөнгө аракет кылуу зарыл. Кыргызстандын шартында Элдик Курултай мамлекеттик бийликке жардамчы, өнөктөш болот.

Элдик курултайга мекенчил, жоопкерчиликти билген делегаттар келип, мыйзам долбоорлору менен өз сунуштарын беришсе, Жогорку Кеңешке чоң жардам болот, ошондуктан бул экөөнү карама- каршы койюу туура эмес. Жогорку Кеңеште отурган айрым эл өкүлдөрү аймактардагы көйгөйлөрдү үстүртөн гана билишет. Ал эми курултайдын делегаттары жер-жерлердеги чечиле турган маселелерди көтөрүп, сунуштайт. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе ошол аймактардан шайланып келген делегаттар Кыргыз Республикасынын жараны катары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлашкан. Ошондуктан Жогорку Кеңентиш депутаттары курултайдын делекаттары менен эришаркак мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуусу маанилүү болмокчу.

Айкөл Манастан тартып ата-бабаларыбыздын тажрыйбасын алып карасак, эл башында, бийликте тургандардын жанында акыл айтып, кеп-кеңешин берген аксакалдар болгон. Аксакалдарда саясий бийлик болгон эмес, бирок алар акылмандыгы, кайсы бир маселени көрө билгичтиги менен кадырлуу, барктуу болуп келишкен. Бүгүнкү күнү ошол нарктуулукту, акылмандыкты сактаган аксакалдар институтуКонституцияда Элдик курултай түрүндө берилгендигинде.

Элдик курултайдын делегаттары билимдүү, мекенчил болсо. Эгер алар таасирдүү болсо коомдук ой-пикир жарата алат. Курултайдагы салттуулуктун белгисин дал ушул жерден көрүүгө болот. Билимдүү, тажрыйбалуу делегаттар келишсе, алар омоктуу сөзү, кылган иши менен бийликти да, коомду да таасирлентип, эл бийлигин бекемдеп, коомдо адилеттүүлүктү орнотууга шарт түзөт. Элдик Курултай эл бийлигинин тарыхый калыптанган, коомдук ан-сезимге терең сиңген, салттуу формасы.

Элдик курултай - коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын.

Элдик курултай кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет.

Элдик курултай коомду жана мамлекетти экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн, улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун, жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоонун, жарандык коомду өнүктүрүүнүн, руханий – идеологиялык, маанилүү маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын, жергиликтүү жамааттын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын коомдук маанилүү кызыкчылыктарын макулдашууну камсыз кылат.

Конституцияда берилген ченемдерге ылайык Элдик Курултайды түзүүнүн жана ишинин максаттары төмөнкүлөрдөн туруусу маанилүү:

1) мамлекеттик бийлик органдарынын иштерине байланышкан коомдук демилгелерди илгерилетүү, талкуулоо жана тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына сунуштоо;

2) Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотуна, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана башка мамлекеттик органдарга коомдук мааниси бар, анын ичинде стратегиялык мүнөздөгү сапаттуу чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда кеңеш берүү;

3) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган ченемдик-укуктук актылардын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Конституциялык мыйзамдарга жана мыйзамдарга карама-каршы келбөөсүнө, ачык-айрым болуусуна жана аткарылышына байкоо жүргүзүү;

4) мамлекеттик бийлик органдары тарабынан калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча кеңеш берүү жана сунуштоо.

Элдик курултай жогорудагы максаттарга жетүү үчүн төмөндөгүдөй милдеттерди аткаруусу керек:

1. Элдик Курултай ишин коомчулук менен тыгыз байланышта жүзөгө ашырууга, мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин чөйрөсүнө таандык маселелер боюнча жарандардын жана жарандык коомдун уюмдарынын сунуштарын кабыл алууга жана кароого милдеттүү;

2. Элдик Курултайдын иши жөнүндө маалыматтар (иш планы, жыйындарынын ырааттамасы, коомдук угуулар жана башка иш-чараларынын өткөрүлүүчү орду жана убактысы) иш-чара башталганга чейин Элдик Курултайдын расмий веб-сайтына жайгаштырылууга тийиш.

3. Элдик Курултай өз иши, Конституцияда жана Конституциялык мыйзамда каралган функциясынын алкагында кабыл алынган чечимдер жана алардын аткарылышы, мамлекеттик бийлик органдарына берген кеңештери, сунуштары жөнүндө өзүнүн расмий веб-сайты аркылуу коомчулукка милдеттүү тартипте маалымдоого тийиш.

Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө чечим «Элдик Курултай жөнүндө» Конституциялык Мыйзамда каралган тартипте кабыл алынат.

Элдик курултай институту демократиялык мамлекетте өткөн мезгилдеги жана азыркы учурдагы эл бийлигин ишке ашырууга көмөктөш болгон принциптерди камтыган институт. Ошондуктан бул институттун ишке ашырылышы негизги идеяны камтыган, укуктук жөнгө салуунун маанисин жана багытын аныктаган укуктук ченемдерден түзүлүшү керек. Алар, элдик курултай институтун аныктаган принциптер.

Элдик Курултай институту төмөндөгүдөй принциптерге негизделет:

1. Мыйзамдуулук;

2. Ачыктык (гласность);

3. Катышуунун ыктыярдуулугу;

4. Мүчөлөрүнүн (делегаттарынын) тең укуктуулугу;

5. Элдик Куралтайдын мүчөлөрүнүн (делегаттарынын) мезгилдүүлүгү;

1. Мыйзамдуулук принциби. Элдик Курултайдын иш аракети Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пункту боюнча Элдик курултай Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө жана аткаруу бийликтин башка органдарынын жетекчилерине мыйзамга ылайык кызматтан бошотуу тууралуу Президентке сунушбере алат. Берилген сунуш Президент тарабынан мындай маселелерди кароо учурунда эске алынышы мүмкүн.

Элдик Курултай Конституциянын 70-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча Президенттин өлкөдөгү абал жана мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын багыттары боюнча жыл сайын жасаган кайрылуусуна катышат.

Конституциянын 85-беренесине ылайык Элдик Курултай Мыйзам демилгелөө укугун ишке ашырат. Мыйзам долбоорун демилгелөө боюнча Элдик Курултайдын өкүлдөрүнөн жана тийиштүү адистерден турган жумушчу топ түзүлөт. Жумушчу топ мыйзам долбоорун жана маалымкат негиздемесин иштеп чыгып, мыйзам талап кылган учурда тиешелүү мамлекеттик органдардан макулдашуудан өткөрүп, Элдик Курултайга сунуштайт. Элдик Курултайдын көпчүлүк добушу менен жактырылган мыйзам доолбору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.

Конституциянын 96-беренесинин 7-бөлүгүнүн негизинде Элдик Курултайдын өкүлү Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына кирет.

Демек мыйзамдуулук принциби боюнча элдик курултайдын ыйгарым укуктары Конституцияда белгиленген ченемдердин негизинде гана болушу керек.

2.​Ачыктык (гласность) принциби. Элдик Курултайын жыйыны ачык өткөрүлүшү керек. Элдик Курултайдын жыйынына жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууга укуктуу.

Элдик Курултайдын күн тартиби, аны өткөрүү убактысы жана орду жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары жана башка мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу аркылуу курултай башталганга чейин 1 айдан кечиктирбестен элге маалымдалат.

Элдик Курултай ар бир календардык жылдын 31-декабрынан кечиктирбестен өткөн жыл үчүн өзиши жөнүндө ар жылдык отчетун өзүнүн расмий веб-сайтында жарыялоого милдеттүү.

3.​Катышуунун ыктыярдуулугу принциби. 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары элдик курултайдын делегаттары боло алат. Элдик курултайдын делегаттары чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан, айыл аймактын жана шаардын жергиликтүү жамаатын мүчөлөрүнөн, илим-изилдөө тармагында эмгектенген илимпоздордон жана маданият чөйрөсүдөгү кызматкерлерден, мамлекеттик каттоодон өткөн коомдук уюмдардан, саясий партиялардан шайланат.

Төмөнкүлөр Элдик Курултайдын делегаттары боло албайт:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;

- жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары;

- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдар;

- чет мамлекеттин жарандары;

- мурда соттолгондор;

- жашы 18ге жете элек жарандар.

Делегаттардын саны жана аларды шайлоо тартиби Конституциялык мыйзам менен аныкталат.

4.​Мүчөлөрүнүн (делегаттарынын) тең укуктуулук принциби. Элдик Курултайдын чечимдери Курултайдын делегаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Элдик Курултайга мүчө болуп келген ар бир делегат бир добушка ээ.

Элдик Курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктары Конституциялык Мыйзам менен бекитилет.

5.​Элдик Курултайдын мүчөлөрүнүн (делегаттарынын) мезгилдүүлүгү принциби.

Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайдын делегаттары эки жылдык мөөнөткө шайланат.

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо милдеттүү болуп саналат жана Конституциялык Мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдө жанатартипте мезгилдүү өткөрүлөт.

Төмөндөгүдөй учурларда Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо жана жыйынын өткөрүүгө тыюу салынат:

1) Кыргыз Республикасынын бардык аймагында өзгөчө же согуштук абал же өзгөчө кырдаал киргизилгенде;

2) Кыргыз Республикасынын аймагынын өзүнчө бөлүгүндө - ошол аймакка өзгөчө же согуштук абалже өзгөчө кырдаал киргизилгенде;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн бүтөөрүнө жарым жылкалганда.

Жыйынтыктап жатып биринчиден, Элдик Курултайдын ыйгарым укугу Конституциядагы каралган ченемдерге карама – каршы келбеши керек жана «Элдик Курултай жөнүндөгү» Конституциялык мыйзам жогорудагы каралган максаттарга ылайык, ага жараша аткаруулучу милдеттер жана принциптерди жетекчиликке алуу менен иштелип чыгуусу абзел. Жогорку Кеңеште каралып жаткан «Элдик Курултай жөнүндөгү» Мыйзам долбоорунун 7-беренесинде Курултай жергиликтүү жамааттын бардык маанилүү маселелерин кароого укуктуу деп алардын катарына жергиликтүү бюджетти, ошондой эле жергиликтүү жамааттын бюджеттен тышкаркы каражаттарын түзүүгө, аткаруу жана пайдаланууга укуктуулугу белгиленген. Ал эми Конституциянын113-беренсинде «жергиликтүү бюджетти жергиликтүү кеңеш бекитет, алардын аткарылышын контролдойт» деп каралган. Демек бул ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама - каршы келет дегенди билдирет.

Экинчиден, Элдик Курултай парламенттен жана башка мамлекеттик бийлик органдарынан отчеттулукту талап кылуу максатында эмес, мамлекеттин өнүгүүсүндөгү беш багыт боюнча сунуш жана кеңеш берүүчү коомдук өкүлчүлүктүү орган болмокчу. Анын ыйгарым укуктары «Элдик Курултай жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамда дал ушул өңүттө берүүлүсү абзел.

Үчүнчүдөн, Элдик Курултай жөнүндөгү конституцияда каралган институт өз ишин баштады. Бирок мунун мыйзам базасы Конституцияга ылайык Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынмакчы. Демек, Жогорку Кеңештин кароосунда турган «Элдик Курултай жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамды кабыл алууда мыйзамды сунуштап жаткан тарап Конституцияда каралган ыйгарым укуктарынан чекке чыкпаган ченемдерди камтыган мыйзам долбоорун сунуштоосу зарыл. Ооба, Конституцияга ылайык бул мыйзам кабыл алынышы зарыл. Ошол үчүн, ийри отуруп түз чечүүнү максат кылып, Жогорку Кеңештин депутаттарынын берген сунуштарын эске алып мыйзамдын кабыл алынышы абдан маанилүү болмокчу.

Жусуп Адрахманов атындагы КРПМБАнын проректору, юридикалык илимдердин доктору, профессор Аманалиев Урмат Олжобекович

Пикир

Оставить комментарий