• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элдик курултайга Кадыралы Кошалиев төрага болду

Курултай 0

Бишкек, 25.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат.

Курултайдын төрагасы болуп Кадыралы Кошалиев шайланды. Белгилей кетсек, делегаттардын эң улуусу, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев курултайдын убактылуу төрагасы болуп дайындалган. Ашыралиев курултайдын төрагасы жана анын орун басарлары шайланганга чейин жыйынды алып барды.

Чүй облусунан делегат болуп келген Саламат Кубандыков Элдик курултайдын жооптуу катчысы болуп шайланды.

Курултайга шайланган аксакалдар кеңешинин курамы:

Баткен облусунан Баймурат Бекмуратов, Хайит Айкынов;
Жалал-Абад облусунан Бекболот Ибрагимов, Абдыразак Борбиев;
Нарын облусунан Дамира Ниязалиева, Токтосун Казиев;
Ош облусунан Абдиват Зулпиев, Шергузу Тойчиев;
Талас облусунан Талантбек Игилов, Абдыкадыр Султанбаев;
Чүй облусунан Каныбек Сарымсаков, Анарбек Шаршеев;
Ысык-Көл облусунан Калмурза Эсентуров, Дүйшөнбек Карымшаков;
Бишкек шаарынан Бейшенбек Абдыразаков, Кадыралы Кошалиев;
Ош шаарынан Улукбек Садиков, Орозбек Акимбаев.
Россиядан келген делегат Майызбүбү Бердибекова;

Муфтияттан Замир Ракиев.

Эскерте кетсек, курултайга 1 миң 72 делегат, ошондой эле президент, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий