• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элдин ден соолугу мамлекеттин башкы байлыгы - Жалал-Абаддын коменданты

Аймак 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Элдин ден соолугу мамлекеттин башкы байлыгы, - деп баса белгиледи Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңишбек Жоробеков.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунун жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары, Сузак районунун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу.

"2-апрелден 3-апрелге караган бир сутка ичинде облустун аймагында баары болуп 31 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен 4 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактын карамагында болгон. Ошондой эле коронавирус боюнча такталбаган жалган маалыматтарды тараткан 3 факты катталып, учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат", - дейт ал.

Комендант белгилегендей, коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы 177 жаран кармалган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 130га жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда беш адам айыккан жана коронавирус жуктуруп алган 61 жаштагы бейтап каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий