• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

"Элдин үмүтү акталды" - президенттин маалымат катчысы "Кумтөрдүн" Кыргызстанга өтүшү тууралуу

Коом 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. "“Кумтөрдүн” Кыргызстандын менчигине өтүшү менен тарыхый адилеттүүлүк орноду десем аша чапкан болбос", - деди президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев "Кумтөрдүн" биротоло Кыргызстанга өткөндүгүнө байланыштуу комментарий берип жатып.

"Күткөн күн келди, элибиздин үмүтү акталды. “Кумтөр” кенинин кийинки тагдырына, ага ээлик кылуу боюнча талаш-тартыштарга байланыштуу акыркы жаңылыкты эки ооз сөз менен ушунтип айтат элем. Болгондо да кубанычтуу жаңылык экенин баса белгилеп кетким келет.

“Кумтөрдүн” Кыргызстандын менчигине өтүшү менен тарыхый адилеттүүлүк орноду десем аша чапкан болбос. Мында Садыр Жапаровдун ролун бардыгы эле түшүнүп турат. Президенттин эрки, убагында элине берген убадасынын өтөөсүнө чыкмайын санаасы тынчыбаган өжөрлүгү чоң роль ойноду.

Эми “Кумтөр” кени элдин байлыгы катары элге, мамлекетке кызмат кылат деген бекем ишеничтебиз. Бардыгыңыздарды бул тарыхый окуя менен чын дилимден куттуктайм!", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий