• 84.8
  • 98.41
  • 1.19

Электр чубалгылары үзүлүп, дарактар сынган: Ысык-Көлдө катталган катуу шамалдын кесепети

Аймак 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. 2018-жылдын 1-декабрында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында болжол менен саат 00:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен шамал катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, шамалдын кесепетинен облустук төрөт үйүнүн, №3 орто мектептин, №14 балдар бакчасынын, облустук прокуратуранын унаа токтотуучу жайынын чатырлары учкан.

"Мындан сырткары 3 көп кабаттуу турак үйдүн 304 чарчы метринин чатырын жана 1 турак үйдүн 56 чарчы метр чатырын учурган. Ошондой эле кээ бир кичи райондордо электр чубалгылары үзүлгөн жана дарактар сынган", - деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

Учурда келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Андан тышкары, Балкычы шаарында да катуу шамал болуп, ылдамдыгы 24-28 метрге чейин жеткен.

"Шамалдын кесепетинен Ленин атындагы гимназия мектебинин 5 даана, Манас атындагы орто мектебинин 4 даана, Келечек балдар бакчасынын 3 даана, шаардык поликлиниканын 30 даана, №22 кесиптик лицейинин 2 даана шиферин жана кафесинин 72 чарчы метр темир чатырын учурган. Ошондой эле электр чубалгылары үзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Жерине КР ӨКМдин Балыкчы шаардык бөлүмүнөн ыкчам топ жана шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган. Коммуналдык техникалык кызматы тарабынан тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Электр жарыгын калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлүп, Сары-Камыш айылына электр жарыгы берилген.

Ал эми Орто-Токой айылына кетүүчү электр чубалгыларын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Учурда келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Калыбына келтирүү иштери бүгүн улантылат.

Пикир

Оставить комментарий