• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өкмөт: Жакын арада электр энергиянын тарифи өзгөрүлбөйт

Коом 0

Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин электр энергиясынын тарифтери тууралуу позициясын өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов Бишкекте өткөн тегерек столдо айтып берди.

"Электр энергиясынын баасын жогорулатуу маселеси өлкөнүн энергетика чөйрөсүн эффективдүү башкаруу маселеси чечилмейинче козголбойт. Премьер-министрдин пикири ушундай. Электр энергияны тиешелүү саноо камсыз болушу керек. Калк башкаруу эффективдүү экендигин көрүшү керек, андан соң гана тариф маселесине кайтып келебиз", - дейт Мукамбетов.

Буга чейин Отун-энергетика комплекси жана жер казыналарын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев, парламент электр энергиясына болгон баанын жогорулашына каршы. Бирок, бул боюнча чечимди Жогорку Кеңеш кабыл албайт, деп билдирген.

Анын айтымында, тарифтер боюнча чечимди көз карандысыз ыйгарым укуктуу Отун энергетика комплексин тескөө боюнча мамлекеттик органы) органы кабыл алат.

"2015-жылга чейин тарифтер боюнча чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алып келген. Бирок кийин тарифтерди тескеген көз карандысыз органды түзүү чечими кабыл алынган", - деди ал.

Азыр учурда, Кыргызстанда электр энергияны колдонууга лимит коюлуп, бир кВт саат 77 тыйынды тыйынды түзөт (эгер 700 кВт саатына чейин колдонулса), ал эми лимиттен ашса - бир кВт сааты 2,16 сом. Тоолу аймактарда лимиттин нормасы 1000 кВт сааты түзөт.

Пикир

Оставить комментарий