• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Электр энергиянын тарифи. Энергетиканы саясатташтырган аткаминерлер ушул абалга алып келди – Турдубаев

Коом 0

Бишкек, 22.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Энергетиканын экономикасын саясаттык жөнгө салуу механизми менен алып баралы деген аткаминерлер ушул абалга алып келди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда энергетика тармагы оор акыбалда.

“Биздин оюбузча, энергетиканын экономикасын эч кандай саясаттык инструмент менен жөнгө салууга болбойт. Учурда бийлик тараптан электр энергиясын азыркы экономикага шайкеш келе турчудай сунуштар киргизилүүдө. Ушул жагдай гана энергетиканы саздан алып чыга алат”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 21-апрелде президент Садыр Жапаров калк үчүн 700 кВт/с лимитти алып салуу боюнча маселени карап чыгууну сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий