• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Электр энергиясы үчүн төлөмдү өз учурунда төлөбөгөндөргө туум эсептелинбейт - "Түндүк электр" ишканасы

Коом 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. "Түндүк электр" ишканасы 1-апрелден баштап электр энергиясы үчүн төлөмдү өз учурунда төлөбөгөндөргө туум кошпойт. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматкы ылайык, өлкөгө өзгөчө кырдаал жана бир катар аймакка өзгөчө абал киргизилгенден улам, ошондой эле жарандардын көчөдө жүрүүсүнө чектөө коюлгандан кийин абоненттер өз убагында төлөм жүргүзүүсүнө тоскоолдук жаралды.

"КРнын фискалдык чаралар жана ишкердикти колдоо боюнча өкмөттүн планына ылайык, аны менен бирге, түзүлгөн кырдаалда элди колдоо максатында "Түндүк электр" ишканасы 1-апрелден баштап электр энергиянын төлөмүн өз учурунда төлөбөгөндөргө туумдун кошулушун токтотту", - деп айтылат маалыматта.

Мындан улам 1-апрелден баштап электр энергия үчүн өз учурунда төлөм жүргүзбөй калгандарга туум жазылбайт.

"Түндүк электр" ишканасы электр энергия үчүн төлөмдү электрондук капчык жана төлөө терминалдары аркылуу жүргүзүүнү сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий