• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Электр энергиясы, ысык суу жана жылуулукка жаңы тарифтер октябрдан тарта киргизилет — Айталиев

Экономика 0


Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Электр энергияга болгон тарифтин көтөрүлүшү октябрь айына пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.

“2021-2025-жылдарга электр энергиясынын жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын долбоору жаз айынан бери коомдук талкууда болду. Учурда документ президенттин администрациясы жана министрлер кабинетинин аппаратынын кароосунда. Жакын арада ал документке кол коюлат. Эгерде документке кол коюлса, октябрдын аягында электр энергия, ысык суу жана жылуулукка жаңы тариф киргизилет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий