• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Электр энергиясын дүңүнөн алып-сатуучулар белгиленген чектен ашык керектөөдө - КУЭТ

Экономика 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-ноябрына карата электр энергиясын бир нече дүң сатып алуучу-сатуучулардын суткалык керектөөлөрү КР өкмөтүнүн токтому менен белгиленген электр энергиясын керектөө чегинен ашык колдонууда. бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКтын басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Бишкек шаары боюнча «Электросила» ЖЧКсы тарабынан суткалык керектөө 559,4 миң кВт саат болсо, иш жүзүндө 853,2 миң кВт саатты, «Энерготехсервис» ЖЧКсынын суткалык керектөө планы 180,2 миң кВт саат болсо, иш жүзүндө 314,7 миң кВт саатты, Чүй району боюнча «Глобал Энержи» ЖЧКсынын суткалык керектөө планы 150,0 миң кВт саат болсо, иш жүзүндө 192,8 миң кВт саатты түзгөн.

“Ушуга байланыштуу «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК ири жана өндүрүштүк абоненттерге электр энергиясын үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, энергияны көп талап кылган өндүрүштүк объектилерди өчүрүү менен жүктөмдөрдү чектөө чараларын, ошондой эле электр энергиясынын топтолушу боюнча түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен иш-чараларды жүргүзүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле “КУЭТ” ААК Кыргызстандын энергетика системасында өндүрүштүн жана электр энергиясын керектөөнүн балансын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон суу ресурстары жана кечки максималдуу жүктөө сааттарында электр энергиясынын олуттуу жетишсиздигине байланыштуу бардык керектөөчүлөрдү энергияны үнөмдөөгө жана жылуулук үчүн электр энергиясын колдонбоого чакырат.


 

Пикир

Оставить комментарий