• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Электр энергиясын үнөмдөөнүн эң жөнөкөй жолдору

Дүр дүйнө 0

Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу дүйнө жүзүндөгү актуалдуу маселелердин бири болууда. Бул багытта ири долбоорлор жазылып, жаңы технологиялар ишке киргизилүүдө. Электр энергиясын үнөмдөө менен жаратылыш ресурстарын сактап үй-бүлөнүн бюджетине пайда алып келебиз.

Аны үнөмдөөнүн эң жөнөкөй жолдору:
Асма шамдар менен лампаларды тазалап туруу керек, чаң баскан лампанын жарык берүүсү 30 пайызга чейин төмөн болуп калат. Ал эми короону жарыктандырууда кыймылга реакция берген лампаларды койгон оң.

Терезе айнектер таза болушу зарыл, ал жарыктын жана күн энергиясынын бөлмөгө киришине шарт түзөт.
Баардыгыбыз эле сыналгыны пульттун жардамы менен гана өчүрөбүз, компьютерди да атайын программасы аркылуу өчүрүп көнгөнбүз. Бирок ал токко сайылган бойдон калган учурда электр энергиясын сарптай тургандыгы баарыбызга эле маалым болбосо керек.
Ал эми уюлдук телефонду заряддагандан кийин аны, телефондон гана ажыратпастан токтон сууруп салуу абзел. Бул үнөмдөө менен бирге өрт чыгуу коркунучунан сактайт.
Алыска кетип жатып үй тиричилик электр техникаларын өчүрүп, токтон ажыратып салуу абзел.

Сиз билесизби, кир жууган айна суунун температурасы 40 градус болгондо ээрий баштайт. Ошондуктан автомат кир жуучу машинанын суусун 60 градуска чейин кайнатып, кир жууп кереги жок. Көпкө чейин иштеген машине көп энергия сарптап капчыгыңызды жукартат.
Мындан тышкары, ашканадагы техникаларды туура койгонубуз оң. Электр же газ плитага жакын коюлган муздаткыч иштеш үчүн көп электр энергиясын сарптайт.

Ошондой эле эксперттер учурда электрчайнегин пайдаланууга карагандар газ плитага чай коюп ичүү үнөмдүү экендигин айтышууда.
Ал эми чаң соргучту тез-тезден тазалап турсак анын иштеши жакшырып, энергияны сарпташы да төмөндөйт.

Киймиңиздерди үтүктөөдө анын ным болгону абзел биринчиден ал жакшы үтүктөлөт, сапатын, өңүн сактайт, үтүк болсо электр энергиясын аз керектейт.
Мындан тышкары, үй тиричилик техникаларды сатып алууда анын электр энергиясын үнөмдөө таблицасына көңүл буруңуздар. Эң үнөмдүүлөр А++, А+, А деп белгиленет, ал эми көп сарптагандар B, C, D, E, F, G жана андан жогору.
Электр энергиясын үнөмдөөнүн жогорудагы сыяктуу эң жөнөкөй жолдорун пайдалануу менен үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөп, башка пайдалуу керектөөлөрүбүзгө жумшасак болот.

Пикир

Оставить комментарий