• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Электр энергиясына болгон тариф 2022-жылга чейин өзгөрбөйт - Боронов

Коом 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Электр энергиясына жана жылуулук энергиясына болгон тариф 2022-жылга чейин өзгөрбөйт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Өкмөттүн 2020-жылдын 27-мартындагы токтому менен 2022-жылга чейин электр энергиясына жана жылуулук энергиясына болгон тариф өзгөрүүсүз калтырылган. Ага чейин биз чыгашаларды, энергетика тармагындагы жоготууларды азайтуу боюнча иштерди алып барабыз. Ошол эле мезгилде балдардын социалдык мекемелери (балдар үйү) үчүн электр энергиясынын тарифтери арзандатылды. Тагыраак айтканда 1 кВт/сааттын баасы 2,24 сомдон 1 сом 58 тыйынга чейин түшүрүлдү. Мындай тариф электромобилдерге да киргизилди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий