• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Электр энергиясына болгон тариф өз баасынан жогору болушу керек — Замирбек Узагалиев

Экономика 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын электр энергиясы көп акчага өндүрүлүп, андан кийин аз акчага сарпталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн тегерек столдо энергетика тармагындагы адис Мирбек Батаканов билдирди.

Анын айтымында, электр энергиянын тарифине эч ким аралашпасы керек жана ал саясий максаттын функциясы болбосу кажет.

“Электр энергиянын тарифи боюнча маселе буга чейин эле көтөрүлүп келген”, - дейт ал.

Ал эми эксперт Замирбек Узагалиев электр энергия товардай өзүнүн наркы болушу керектигин айтты.

Нет описания.

“Кымбат баалуу отундан өндүрүлгөн электр энергиясы жыйынтыгында арзан бааланып калууда”, - деди ал.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров электр энергиянын тарифин аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 74 тыйын, жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн 1 сом 04 тыйын (700 кВт/с лимитти алуу), жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөр үчүн 1 сом 48 тыйындан сунуштаган.

Ошондой эле жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөр үчүн кышкы мезгилдерде электр энергиясын пайдалануу 1000 кВт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар.

Пикир

Оставить комментарий