• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү ал тармактагы карызды төлөөгө мүмкүндүк түзөт

Экономика 0

Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. Электр энергиянын баасын жогорулатуу энергетика тармагына алынган карыздарды жабууга шарт түзөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн тегерек столдо Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин пландоо жана божомолдоо бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Дүйшөнбиев кабарлады.

Анын айтуусунда, учурдагы тарифтер оңдоо жана модерназиялоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк бербейт.

“Бүгүнкү күндө орточо тариф 1 киловатт саат үчүн 36 тыйынды түзөт, ал эми электр энергиянын өздүк наркы 1 кВс- 1,60 тыйын”, - деди ал.

Дүйшөнбиев белгилегендей, эгерде ведомство тарабынан коюлган тапшырмалар толугу менен аткарылса, анын ичинде тарифтерди жогорулатуу да бар, анда жарандар өчүрүүлөрсүз энергетика менен камсыз болот.

“2023-жылга чейинки долбоорлорду ишке ашыруу менен электр энергиянын өсүүсү 394 МВт түздү. Электр энергияга жана жылуулукка адилеттүү тарифтерди орнотуу, электр энергия иштеп чыгуучу энергокомпаниялардын чыгымдарын жаап, ушул чөйрөгө алынган насыяларды да жабууга мүмкүндүк түзөт. Энергокомпаниялардын Каржы министрлиги астында карызы 109 млрд. 39 млн. сомду түзөт. Ал карызды төлөө 2025-жылга туура келип, 11,68 млрд сомду түзөт”, - деп түшүндүрдү ал.

Электр энергиясын өндүрүүнү жогорулатуу электр энергиясын бир гана CASA 1000дин алкагында гана эспорттобостон, коңшу өлкөлөргө да сатууга шарт түзүлөт.

“Энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамды жакшыртуу жана адилеттүү тарифти кабыл алуу энергосектордун инвестициялык жагымдуулугун жакшыртат”, - дейт Мирлан Дүйшөнбиев.

Пикир

Оставить комментарий