• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Электр энергиясына тарифтер 2023-жылга чейин акырындык менен 1 кВт/ cааты 1 сом 48 тыйынга көтөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Энергетика жана өнөр жай министрлиги министрлер кабинетинин “КР 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Документке ылайык, азыркы учурда 2025-жылга чейинки мезгилге чейин орто мөөнөттүү келечекте энергетика секторунда тарифтик стратегияны аныктоо зарыл болуп турат. Колдонуудагы тарифтер электр энергиясын өндүрүүнүн, берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн наркын жаба албай тургандыгын белгилеп кетүү керек.

Буга байланыштуу Энергетика жана өнөр жай министрлиги төмөнкү тарифтерди сунуштайт:

Калк

Электр энергиясы үчүн эсептерге төлөөдө калктын күтүлбөгөн экономикалык кыйынчылыктарга туш болуусун болтурбоо максатында ОМТС тарабынан орто мөөнөттүү келечекте электр энергиясынын наркына тарифтер менен акырындап жетүү каралган.

Күз-кыш мезгилдеринен башка, электр энергиясын керектөөнүн ар айлык нормасы белгиленген убакта электр энергиясы үчүн төлөө тиричиликтик керектөөчүлөр (калк) үчүн инфляциянын иш жүзүндөгү деңгээлине түзөтүүлөрдү киргизүү менен 2020-жылга калк үчүн орточо коюлган тарифтин көлөмүндө түзүлгөн 1 кВтска 109,5 тыйын өлчөмүндөгү тариф боюнча жүргүзүлөт. ОМТС аркылуу 2023-жылы электр энергиясынын наркы 1 кВтс үчүн 148 тыйын өлчөмүнө (2020-жыл үчүн 1 кВтс электр энергиясынын иш жүзүндөгү наркы) жетүү үчүн тарифти ар жыл сайын жогорулатуу болжолдонуп жатат. Андан ары, 2024-жылдан баштап, калк үчүн тариф өткөн жылдын мезгили үчүн иш жүзүндөгү жылдык инфляциянын деңгээлинде түзөтүлүп турат.

Күз-кыш мезгилинде, тиричиликтик керектөөчү (калк) электр энергиясын керектөөнүн ар айлык нормасынан, б. а. 1000 кВтстан жогору өлчөмдө ашырып пайдаланган учурда ашыкча керектелген көлөм үчүн төлөө 1 кВтс үчүн 252 тыйын тарифи боюнча жүргүзүлөт (бийик тоолуу райондордо жана алыскы жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашашкан тиричиликтик керектөөчүлөрдөн башкасы).

Насостук станциялар

Калкты таза суу менен, ошондой эле айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу менен камсыздоочу насостук станциялар жана скважиналар үчүн электр энергиясына тариф 109,5 тыйын/кВтс өлчөмүндө (салыктарды эсепке албастан) тиричиликтик керектөөчүлөр (калк) үчүн тарифтин деңгээлинде белгиленет. Бул тариф тиричиликтик керектөөчүлөр үчүн тарифтин өсүүсүнүн темпине ылайык ар жыл сайын жогорулатылып турат.

Электрдик транспорт

Керектөөчүлөрдүн бул категориясы үчүн өткөн жылдын мезгили үчүн иш жүзүндөгү жылдык инфляциянын деңгээлинде электр энегиясынын тарифтерине ар жылы түзөтүүлөр каралат, жыйынтыгында тиешелүү тариф 1 кВтс үчүн 168 тыйынды (салыктарды эсепке албастан) түзөт. Ушул ОМТСте аталган тарифти электрмобилдерди дүрмөттөө боюнча коомдук станциялар үчүн да колдонуу каралат.

Интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер

Менчигинин түрүнө карабастан, оор турмуштук кырдаалдарда жашоо кечирген балдарга, бул аккредитацияланган мекеме белгиленген талаптарга ылайык келе тургандыгын күбөлөндүргөн социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аккредитациялоо жөнүндө күбөлүгү бар майыптарга жана/же улгайган жарандарга кызматтарды көрсөтүшкөн интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер үчүн ОМТС өткөн жылдын мезгили үчүн иш жүзүндөгү жылдык инфляциянын деңгээлинде электр энергиясынын тарифтерине ар жылдык түзөтүүлөрдү карайт. 2021-жылы тиешелүү тариф 1 кВтс үчүн 168 тыйынды (салыктарды эсепке албастан) түзөт.

Диний уюмдар

Бул ОМТСта өткөн жылдын мезгили үчүн иш жүзүндөгү жылдык инфляциянын деңгээлинде жыл сайын түзөтүү киргизүү менен 1 кВтс үчүн 168 тыйындын (салыктарды эсепке албастан) деңгээлинде тариф белгилөө менен диний уюмдарды керектөөчүлөрдүн өзүнчө тобуна бөлүү каралган.

Өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик жана башка тиричиликтик эмес керектөөчүлөр

Өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик (республикалык/жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер) жана башка тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн керектелген электр энергиясына төлөм 1 кВтс үчүн 252 тыйын өлчөмүндөгү тариф боюнча (салыктарды эсепке албастан) жүргүзүлөт.

«Электр станциялары» ААК жана «Кыргызстан УЭС» ААК менен электр менен жабдууга контракттары бар керектөөчүлөр үчүн тарифтер электр энергиясынын чыңалуу классын эске алуу менен отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдери менен белгиленет.

Майнинг (криптовалюта) субъекттери, алтын кен өнөр жай ишканалары (алтын өндүрүүчү фабрикалар), куючу, эритүүчү цехтер, цемент заводдору, алкоголдук продукцияларды өндүрүү боюнча ишканалар

Керектөөчүлөрдү электр менен жабдуу үчүн өтө көп энергетикалык кубаттуулук талап кылынат.

Ушуга байланыштуу, ушул сыяктуу ишканалардын энергияны көп көлөмдө талап кылуусу жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоонун зарылдыгы эске алынып, электр энергиясына тариф үчүн 2,0 жогорулатылган коэффициентине түзөтүү киргизилүү менен жогоруда көрсөтүлгөн керектөөчүлөр өзүнчө топко бөлүндү. Ошентип, бул категориядагы керектөөчүлөр үчүн тариф керектөөчүгө чейин аны жеткирүүнү эске алуу менен ЖЭБде электр энергиясын иштеп чыгууга чыгымдарды компенсациялоонун деңгээлинде белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий