• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Электр энергиясына тарифтер боюнча атайын программа иштелип чыкты – премьер-министр

Өкмөт 0

Бишкек, 27-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. Электр энергиясына тарифтер боюнча атайын программа иштелип чыкты. Бул тууралуу бүгүн Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету угулуп жаткан парламенттин жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, тарифтер бардык жерде кымбаттап жатат. “Бизде тарифтер боюнча атайын программа иштелип чыкты. Бул маселени биз карайбыз. Көп жерде лимитти 700 кВт/саатка көтөрүү маселеси козголуп жатат. Белгилей кетүүчү жагдай, калктын 80%ы 700 кВт/саат электр энергиясын керектешет. Калган 20%ы – камсыздандырылгандар, алар электр энергиясына 2,16 сомдон төлөй алышат”,-деди С.Жээнбеков.

Ошондой эле, Өкмөт башчысы бул маселе кароодо турганын белгиледи. Анын айтымында, эгер жеңилдик калктын аялуу катмарына гана берилсе туура болмок.

Эскерте кетсек, учурдагы тарифке ылайык, абоненттер 700 кВт/саатка чейин колдонууда киловатт-саатына 77 тыйындан, ал эми 700 кВт/сааттан ашык колдонгондор 2,16 сомдон төлөшөт. Өндүрүш ишканалары үчүн тариф 2,24 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий