• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Электр энергиясынын тарифин көтөрүү. Кандай варианттар даярдалып жатат?

Экономика 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Энергетика министрлиги электр энергиясына жаңы тарифтерди иштеп чыгууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн тегерек столдо министрдин орун басары Сабырбек Султанбеков билдирди.

Анын айтымында, бул маселе талкууланып жатат, азырынча бекитилген акыркы вариант жок. Тарифтер 2021-2022-жылдардын жыйынтыгы боюнча инфляциянын көрсөткүчүн эске алуу менен көбөйтүлөт.

Ал түшүндүргөндөй, 1 киловатт-саат үчүн 77 тыйындан турган тариф үчүн эки жылдык инфляциянын деңгээли колдонулат. Аны эске алганда тариф 97 тыйынды (26%га өскөн) түзөт.

“Биз мындай тарифти 700 киловаттка чейин керектөө үчүн пландаштырып жатабыз. 700 киловаттан ашык керектөөдө кандай тариф болору боюнча акыркы чечим чыга элек. Бирок, тариф жылдык инфляциянын деңгээлин эске алуу менен оңдолот. Аны эсепке алганда 2,41 сомду түзөт”, - деди Султанбеков.

Мындай шартта азыркы 700 киловатт-сааттан ашык керектөө үчүн 2,16 сом тарифди көтөрүү 11,6%ды түзөт. Бирок, министрдин орун басары белгилегендей, дагы бир вариант каралып жатат.

“700дөн 1,5 миң киловатт керектөөдө 2,16 сом тарифти калтыруу, ал эми андан жогору керектөөдө 3,4 сомго көтөрүү сунушу дагы бар”, - деп кошумчалады ал.

Энергетика министринин орун басары белгилегендей, тарифтерди көтөрүү керектөөчулөрдүн эки категориясына тиешеси болбой турганын билдирди:

-мамлекеттин социалдык камсыздоосунда турган аз камсыз болгон жарандарга. Алар үчүн киловат-сааты 50 тыйын деңгээлинде калтырылат;

- энергияны көп талап кылган объектилер, анын ичинде куюу, тоо-кен, алтын казып алуу ишканалары, спирт өндүрүүчүлөр. Алар үчүн 5,04 сом өлчөмүндө калат.

Пикир

Оставить комментарий