• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Электр кыймылдаткычы бар транспорт бир катар салыктардан бошотулду

Экономика 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 12-августундагы Мыйзамына ылайык электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаттары бир катар салыктардан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт 4-топтогу мүлк салыгынан бошотулду.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын ишканаларында өндүрүлгөн, электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаттарынын беримдери, ошондой эле электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарын импорттоо жана аларды электр менен заряддоо үчүн жабдуулар КНС төлөөдөн бошотулду.

Ушул эле мыйзам менен мунай заттары боюнча акциздик товарлардын тобу кеңейтилди жана алар боюнча базалык ставкалар өзгөртүлдү. Акциздик товарлар боюнча өзгөртүүлөр 2020-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий