• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Электр менен жылытуу жана металлдарды эритүү максатында техникалык шарттарды берүүгө мораторий киргизилди

Коом 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн бардык чаралар көрүлүүдө, - деп билдирет Улуттук энергохолдинг компаниясы.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, өткөн жылдан тартып энергетикалык компаниялар жана Улуттук энергохолдинг тарабынан электр энергиясынын тартыштыгын жабуу максатында бардык чаралар көрүлүүдө.

Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы, ошондой эле керектөөнүн көбөйүшү электр энергиясынын тартыштыгын жаратты.

Энергетика министрлиги Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо жана Казакстан жана Өзбекстан менен товар алмашуу жолу менен келишимдерди түзүп, Бишкек ЖЭБинде өндүрүүнүн көлөмүн 450 МВтка чейин көбөйтүп жана ошондой эле коомчулук менен электр жарыгын үнөмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштерди жүргүзүүдө.

Бирок бул чаралар жетишсиз болгондугуна байланыштуу абоненттердин бардык категориялары үчүн электр менен жылытуу жана металлдарды эритүү максатында техникалык шарттарды берүүгө мораторий киргизүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, тиричиликтик эмес категориясына кирген (коммерциялык абоненттер) керектөөчүлөргө кубаттуулукту жогорулатууга техникалык шарттарды берүүнү токтотуу жана электр энергиясын керектөөнүн белгиленген режимин бузган абоненттердин керектөөсүн азайтуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бул иш-чаралардын баары Токтогул суу сактагычындагы сууну деңгээлинин түшүп кетүү коркунучун жоюуга багытталган. Болбосо ГЭСтин толук токтоп калуу коркунучу жана республиканын бардык аймактарында чектөөлөр киргизилип калышы мүмкүн.

Ошону менен бирге учурда калк үчүн электр энергиясы кубаттуулуктун чегинде камсыздалууда.

Калк тарабынан жабдыктарды колдонууга тыюу салынганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Кадамжай районунда жылыткычты пломбалоо фактысы боюнча, бул тиричилик үчүн колдонулган эмес, коммерциялык керектөөчүгө (соода түйүнү) карата жасалган.

Пикир

Оставить комментарий