• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Электр станциялары” ААКнын башкы директору кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.04.18. /Кабар/. “Электр станциялары” ААКнын башкы директору Узак Кыдырбаев кармалды. Бул тууралуу КР УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 2018-жылдын 2-апрелинде УК УКМК тарабынан Бишкек ЖЭБдин, “Электр станциялары” ААКнын, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКнын айрым кызматкерлерине КР КК 221-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иши КР Башкы прокуратурасы тарабынан 2018-жылдын 30-январында Бишкек ЖЭБдеги авария фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

Кылмыш ишинин алкагында КР КК 221-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык “Электр станциялары” ААКнын башкы директору У.Кыдырбаев кармалды.

Учурда Кыдырбаев УКМКнын убактылу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий