• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Электр станциялары” Бишкек ЖЭБде заманбап түтүн тазалагычтар колдонуларын ырастайт

Коом 0

Бишкек, 04.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкек ЖЭБдин жаңы блокторунда жаңы заманбап түтүн тазалагычтар колдонулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Электр станциялары” ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек ЖЭБ кышкысын саатына 7-8 миллион киловатт электр энергиясын иштеп чыгарат. ЖЭБдин токтошу борбор калаанын жашоосун түйшүккө салат. Бул ишкананын күнү-түнү тынымсыз ишин миңдеген кызматкерлер жүзөгө ашырышат. Бишкек ЖЭБ “Электр станциялары” ААКсынын филиалдарынын бири болуп саналат. ЖЭБдин иши үчүн отун жана бардык нерсени аталган ААК мамлекеттик бюджеттен эмес, өз каражатына сатып алат. Отун сатып алууга компаниянын чыгымдарынын басымдуу бөлүгү сарпталат. Бир жолку күз-кыш жылытуу мезгилинде бир миллион тоннага жакын көмүр жагылат.

2017-жылы станцияны жаңылоо долбоору ийгиликтүү аяктады. Жаңы электр блоктордун эсебинен кубаттуулук 812 мегаваттка чейин өсүп, сапаттуу өзгөрүүлөр болду. Өзгөрүүлөр экология жаатында дагы байкалды.

Жабдууларды бузуп алуу учурунда 100 метрлик түтүк бузулган. Жаңы, дагы 50 метрге бийиги курулду. Демек, шаардын абасына түтүндүн таасири азайды. “Бишкек шаарынын ЖЭБин жаңыртуу” долбоорунда меш агрегаттардан чыккан түтүндөрдү жана көмүр чаңын тазалоо боюнча, ошондой бир катар башка чаралар камтылган.

Жаңы блоктор үчүн суунун айланышы нормативдик талаптарга жооп берет.

Эсептөөлөргө ылайык, жаңы блокторду иштетүүдөгү булгоочу заттарды бөлүп чыгаруу дүйнөлүк стандарттарга дал келет. Жалпысынан зыяндуу бөлүп чыгаруулар долбоордук баалоого туура келет.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар ЖЭБдин көөсүнөн улам нааразы пикирлерин айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий