• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Электр станциялары" ишканасы Токтогул ГЭСиндеги суунун азайышынын себебин айтты

Коом 0

Бишкек, 24.19.19. /Кабар/. Токтогул ГЭСи өлкө боюнча электр энергиянын 30-35%ын чыгарат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Электр станциялары" ААКсынын техникалык директору Таалайбек Бектенов билдирди.

Анын айтымында, жабдыктар эскирип, ага байланыштуу энергетика тармагында реабилитация иштери башталган. Иштерди 2023-жылдын 10-ноябрына карата аяктоо пландалууда.

Бектенов белгилегендей, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө 100 млн долларга жакын каражат үнөмдөлгөн. Ал каражат Үч-Коргон ГЭСин реабилитация иштерине жумшалат.

"Электр энергиянын жетишсиздиги болбошу үчүн электр энергияны сырттан алуу боюнча иштер жүрүүдө" - деди ал.

Бектеновдун айтымында, Токтогул ГЭСиндеги суунун азайышы жылда кайталануучу цикл. Учурда, суунун келишинин азайышы жыл мезгили менен байланыштуу. Аба-ырайынын сууктап, чыгымдар көбөйгөндүктөн да суу көбүрөөк кете баштаган.

Пикир

Оставить комментарий