• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Электр станциялары” ишканасынын жетекчиси каза болду - некролог

Коом 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. "Электр станциялары" ишканасынын башчысы Аскар Эшимбеков бүгүн эртең менен каза болду. Ал 57 жашта болчу.

Аскар Эшимбеков 1962-жылы 1-октябрда туулган. 1985-жылы И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин "Электр станциялары, түйүндөр жана система" бөлүмүн аяктаган. Билими жогору.

Энергетика тармагында 34 жылдан ашык убакыт иштеген. Эмгек жолун Ош жылуулук электр борборунда электрослесарь болуп баштаган. Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон. Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси бөлүмүндө эксперт катары эмгектенген. 2006-жылы президенттин Ардак грамотасы менен сыйланган.

"Электр станциялар" ААКсынын башчылыгына 2018-жылы май айында дайындалган.

"Кабар" агенттигинин жана “Электр станциялары” ишканасынын жалпы жамааты Аскар Эшимбековдун туугандары жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий