• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Электр станциялары”: Казакстандан 500 млн кВт/саат электр энергиясы сатып алынат

Экономика 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Быйыл Кыргызстан Казакстандан дээрлик 500 млн кВт/саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсынан билдиришти.

Аталган ишкана билдиргендей, 2019-жылдан тарта Нарын-Сырдарыя дарыяларынын бассейндеринде суунун азайганы байкалат. 2020-жылдын башына карата Токогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 14,9 млрд куб метрди түзүп, былтыркыга караганда 1,8 млрд куб метрге аз болгон. 2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилинин аякташына – 2020-жылдын 1-апрелине карата суунун көлөмү 11,6 млрд куб метрди, 2020-жылдын 1-октябрына карата 15,2 млрд куб метрди түзүп, 2019-жылга караганда 2 млн куб метрге аз болгон. Быйыл вегетациялык мезгил учурунда Токтогул суу сактагычына суунун агып келиши көп жылдык орточо нормадан 90%ды түзгөн.

“Суу-энергетика ресурстарын сактоо жана электр энергияга болгон ички керектөөнү жабуу үчүн Токтогул суу сактагычындагы суунун керектүү көлөмүн камсыз кылуу максатында 2020-жылы электр энергиясын сырттан алуу зарылдыгы жаралууда. Ага байланыштуу 2020-жылдын 26-майында Кыргызстан менен Казакстандын суу чарба жана энергетика мекемелеринин өкүлдөрү ортосунда протоколго кол коюлуп, ага ылайык Казакстан сентябрь айынан декабрь айына чейин 1 кВт/саатын 2,4 центтен 500 млн кВт/саат электр энергиясын берет”, - деп билдирет аталган ишкана.

“Электр станциялары” белгилегендей, Тажикстан менен электр энергиясын сатып алуу тууралу сүйлөшүүлөр болгондо, алар 1 кВт/саатты 3 центтен сатарын билдиришкен.

“КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-сентябрындагы буйругуна ылайык “Электр станциялары” “Булат Нуржанов атындагы Экибастуз ГРЭС-1” жоопкерчилиги чектелген шериктештиги менен Казакстандан Кыргызстанга 2020-жылдын ноябрь-декабрь айларында 1 кВт/саатын 2,4 центтен 500 млн кВт/саат электр энергиясын алуу боюнча келишим түзгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Жакынкы күндөрү Казакстан Кыргызстанга электр энергиясын экспорттой баштайт.

Пикир

Оставить комментарий