• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иликтөө жумушчу тобу түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 03.11.22. /Кабар/. Өлкөдө электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана электр транспортун пайдаланууну жайылтуу боюнча сунуштарды иликтөө жана иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жумушчу топко бир айлык мөөнөттө электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана электр транспортун колдонууну жайылтуу боюнча пикирлерди иликтеп, сунуштарды жана тийиштүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуусу тапшырылды.

Жумушчу топтун курамына бир катар мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын кызматкерлери кирди.

Жумушчу топтун жетекчиси болуп КР президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий