• 79.87
  • 84.48
  • 1.3

Электр жарыгынын өчүшү. Бишкекте үйлөргө жылуулук берүү калыбына келтирилди

Коом 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Бишкекте электр жарыгы өчүрүлгөндөн кийин абал калыбына келип, жылуулук берүү жанданды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бардык насостор жана суу алгычтар штаттык режимде иштеп жатат. Жөнгө салуу иштери жүрүүдө

“Түндүк электр” ишканасы тарабынан шаарга электр энергиясы керектүү көлөмдө берилди.

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын отканалары да штаттык режимде иштеп жатат, жылуулук жана ысык суу берүү калыбына келтирилди.

Пикир

Оставить комментарий