• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Электрондук башкаруу бейтаптарды тейлөөнү жеңилдетет

Ден соолук 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. “Электрондук кол тамга жөнүндө” жана “Электрондук башкаруу тууралуу” мыйзам долбоору сунушталып жатат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, аны демилгелеп жаткан депутаттар тобу өлкөдө электрондук башкаруу системасын түзүү менен жарандардын керектүү маалымат алуусуна жакшы мүмкүнчүлүк жараларын айтышууда. Алардын бири депутат Дастан Бекешев – ар бир министрдин бул жаатка тийиштүү IT тармагын тейлеген орун басары болоорун дагы белгиледи. Бул пикирге кошуларын айткан КР Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармектердин улуттук базасын түзүү боюнча координатору Нургуль Аднаева, - “Азыр дүйнөдө санариптик коммуникацияга жол ачылып, электрондук иш алып баруу жолго коюлган. Буга Прибалтика өлкөлөрүн, Түркия, Корея мамлекеттерин мисал кылсак болот. Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында дагы электрондук система ыраатташтырылууда. Бул жагынан коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбалары менен таанышып келген адистерибиз жетиштүү”,- дейт.

Саламаттык сактоо тармагындагы электрондук башкаруу ишке ашса, жарандардын дары-дармектерди алуусунан тартып, тиешелүү медициналык маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн да бир топ жеңилдетет. Андан сырткары, ар бир дарыгердин да кайрылган пациенттер тууралуу маалыматтарды тактап алышына ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Адис белгилегендей, бүгүнкү күндө көп дарылар чет өлкөдөн алынып келинет. Айрымдарын издеп табуу да кыйынга турган учурлар бар. Эгерде электрондук база - интернетке туташылса дарылардын иретин билип алуу ар бир кадар үчүн бир топ жеңил болот. Ошондой эле, жаңы электрондук системанын дагы бир артыкчылыгы - ооруканада иштеп жаткан дарыгерлердин ишин көзөмөлдөп, коррупцияга бөгөт коёт.

Электрондук өкмөттүн толук ишке ашуусу кеминде 5 жылдык мөөнөттү талап кылат. Анткени, айыл жергелерин интернетке туташтыруу иштери бир топ убакытты алууда. Себеби, мектептерде, айыл өкмөттөрүндө, тоолуу, опурталдуу деп саналган жерлердеги медициналык түйүндөрдүн бардыгында электрондук шарт ишке ашырылыш керек,- дейт саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү.

"Электрондук өкмөт – бул өлкө ичинде жарандар үчүн кызмат кылган бардык мамлекеттик мекемелердин башын бириктирген тутум. Бул аркылуу коррупциясыз кызмат көрсөтүүлөр ишке ашат. Иштин жүрүшү да ыкчамдайт", - деп кошумчалады Нургүл Аднаева.

Пикир

Оставить комментарий