• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Электрондук чылымды толтурууга арналган “гашиш майын” ташыган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Электрондук чылымды толтурууга арналган “гашиш майын” аткезчилик менен ташыган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-сентябрында КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн натыйжасында, АКШдан жөнөтмө алуу учурунда 1990-жылы туулган Чүй облусунун жашоочусу К.Ф. аттуу жаран кармалып, андан ичинде белгисиз суюктук, ошондой эле “Saucey” жазуусу бар өзгөчө жытка ээ, сары түстөгү капсула түрүндөгү тюбик табылып алынган.

Аталган факт аткезчилик фактысы менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык аталган зат “гашиш майы” баңги каражаты экени аныкталган.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен шектүү К.Ф. №1 тергөө абагына камакка алынган.

Азыркы учурда ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан мындан аркы атайын тергөө аракеттери жана Америка кошмо штаттарынан товар жеткирүүнү уюштурган жана ага тиешеси бар жактарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий