• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Электрондук документ түрүндөгү салык отчеттуулугун милдеттүү тапшыруу мөөнөтү 1-апрелге чейин узартылды

Өкмөт 0

Бишкек, 31.12.20./Кабар/. Электрондук документ түрүндөгү салык отчеттуулугун милдеттүү тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды. Тактап айтканда, уюмдар үчүн квалификациялык электрондук кол тамгасы бар электрондук документ түрүндөгү салыктык отчет берүү мөөнөтү 2021-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды.

2021-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүчү тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду.

Буга катар жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган, салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө берүүгө өтүү жеке ишкерлер тарабынан 2021-жылдын 1-январынан тарта ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий