• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Электрондук эсеп-фактура системасы. Бюджетке КНС боюнча түшүүлөр өскөндүгү белгиленди

Экономика 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Электрондук эсеп-фактура системасы киргизилгенден кийин республиканын бюджетине КНС боюнча түшүүлөрдүн өсүшү байкалууда.

Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, бул көмүскө экономиканын көлөмү кыскарып жаткандыгынан кабар берет.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга жана кызматтарга карата кошумча нарк салыгы 7101,7 млн ​​сомду түзгөн, аны менен өткөн жылдын деңгээли 51%га же болбосо 2,4 млрд сомго жогору болду, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу деңгээли 18,4% га же 1,1 млрд сомго көп түштү.

2021-жылдын 6 айында ЕАЭБден импортко КНСтен түшүүлөр 11 миллиард 391,3 миллион сомду түздү, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,1 миллиард сомго көп, же өсүү темпи 156,8% болду. 2019-жылга салыштырмалуу түшүүлөрдүн көлөмү 38,5% га же 3,2 млрд сомго көбөйгөн.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасы ишке киргизилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы токтомуна ылайык, бардык КНС төлөөчүлөр жана товарларды ташып келүү жана / же экспорттоо менен алектенген субъекттер ЭЭФти милдеттүү түрдө колдонууга өтүштү.

2021-жылдын 6-июлуна карата, ЭЭФ маалыматтык системасында каттоо системасын ишке киргизгенден кийин бир жыл ичинде Кыргызстанда электрондук эсеп-фактураларды пайдалануучулардын саны 14 миң 77 салык төлөөчүнү түздү. Аларга жалпы жүгүртүүдөгү 935 млрд 941,1 млн. сомго 6 млн 703 миң 922 электрондук эсеп-фактура жазып берилген.

Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалда бүгүнкү күндө ЭЭФти колдонуу калктын салык кызматы менен байланышын төмөндөтүү жана рыноктун көмүскө компонентин азайтуу боюнча натыйжалуу чара болуп саналат. Каттоо процесси толугу менен онлайн режиминде жүрүп, салык төлөөчүлөрдүн салык органдарына бир да жолу баруусун талап кылган жок.

Мындан тышкары, ЭЭФ системасынын жардамы менен реалдуу убакыт режиминде айрым салык төлөөчүлөр тарабынан счет-фактураларды алда качан жоюлган субъекттерге, салыктык эсептик каттоосу жок жактарга жана салык салуудан качкан башка схемаларга коюу аракеттери аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий