• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык кызматы: Электрондук эсеп-фактураларды киргизгенден кийин КНС боюнча түшүүлөр көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Электрондук эсеп-фактуралар киргизилгенден кийин КНС боюнча түшүүлөр акырындап көбөйө баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Алсак, 2021-жылдын 9 айында КНС боюнча түшүүлөр 29 млрд 425,6 млн сомду түздү, бул 2020-жылдын ушул мезгилинен 9 млрд 868 млн сомго көп же өсүү ыргагы 150,45%ды түздү.

Электрондук эсеп-фактураны киргизгенден кийин КНС боюнча кирешелердин көбөйүшү, учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга жана өлкөдөгү экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө карабастан, рыноктун көмүскө жактан кыскара баштаганын көрсөтүп турат, бул албетте, республикалык бюджетке кирешелердин өсүшүнө да оң таасирин берет.

2021-жылдын 1-октябрына карата система ишке киргенден бери 15 439 ишкер электрондук эсеп-фактураларды колдонуп келишкен, аларга жалпы жүгүртүүдөгү 1 трлн 222 млрд 490 млн 261 327 сомго 8 млн 489 миң 698 электрондук эсеп-фактура жазып берилген.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып бардык КНС төлөөчүлөр жана товарлардын импорттоо жана/же экспорттоо менен алектенген субъекттер ЭЭФны милдеттүү түрдө колдонууга өтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий