• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Электрондук эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоорго 2 миңден ашык компания катышууда

Коом 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбооруна бир айдын ичинде 1527 компания кошулуп, азыркы учурда алардын саны 2154тү түздү. Бул туралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Азыркы учурда Мамлекеттик салык кызматынын электрондук эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбооруна 2 миң 154 компания катышууда.

Салык кызматынын кызматкерлери жана компаниялардын өкүлдөрү ар жумалык негизде “Электрондук эсеп-фактура” маалыматтык системасын тестирлөөдөн өткөрүп турушат. IT-адистер сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен ар бир жолугушууга электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын иштеп чыгып жатышат.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 1-июлунан тарта электрондук документ түрүндө электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоору иштеп жатат.

2020-жылдын 1-апрелинен тартып КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонууга өтүшөт.

Ушуга байланыштуу, электрондук эсеп-фактураны колдонууга алдын ала даярдык көрүүнү салык кызматы чакырат.

Белгилей кетсек, электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны колдонуу боюнча долбоор салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун компоненттеринин бири болуп саналат. Салык кызматы салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун бир катар башка компоненттерин киргизүүнүн үстүндө иштөөдө (күйүүчү май станцияларын эсепке алуунун автоматташтырылган системасы, виртуалдык ККМ, товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо, жыйынды пост ж.б.).

Кеңири маалыматты 1240 телефону аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий