• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Электрондук кезек балдарды мектепке кабыл алууда акча талап кылуу системасын жок кылат – депутат

Коом 0

Бишкек, 27.02.19 /Кабар/. Электрондук кезек балдарды мектепке кабыл алууда акча талап кылуу системасын жок кылганга жардам берет. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов "Парламент" радиосуна курган маегинде билдирди.

"Ата-энелерден бир топ кайрылуулар түшкөндүктөн, мектепке балдарды кабыл алууда талап кылынган көмүскө колдоочу каражатты жокко чыгаруу зарылдыгын белгилегенбиз. Бул чынжырды акырындап үзүп келе жатабыз. Мисалы, мектепке кабыл алынуучу балдардын электрондук кезек аркылуу тейлениши да иштин ордунан козголгондугун көрсөттү", - деди депутат.

Ошондой эле мектептер бир гана мамлекеттин же колдоочулук кыла турган ата-энелердин гана колун карап олтурбастан, жекече чакан чарбалык иштерди да жолго салып, керектөөлөрүн өз алдынча чечүүнү тажрыйбалап баштаптыр, - деп белгиледи Икрамов.

Уктурууга катышкан Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Жайнагүл Сапалова, – "Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын буйругу менен мектептердеги мыйзамсыз каражат чогултууга тыюу салынды. Ошентсе деле ыктыярдуу колдоочулар болуп калышы мүмкүн. Алар атайын фонддор аркылуу иш алып барат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий