• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Электрондук кезек ишке киргенден тарта бала бакчага 73 миңден ашык бала алынган

Коом 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. Электрондук кезек системасы ишке киргенден тарта бала бакчага 73 миңден ашык бала алынган. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, "Бала бакчага электрондук кезек" системасы 2018-жылы февраль айында киргизилген. Ушул айдын июнь айына карата 73 миң 658 бала балдар бакчасына алынган. Ал система балдарды бала бакчаларга өткөрүүдө коррупцияны алдын алуу үчүн киргизилген.

Ата-энелер баласынын кезекте канчанчы экенин Бирдиктүү реестрден туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн номери же каттоо номери аркылуу биле алат. Бала бакчада бош орундар пайда болгондо система аларды бөлүштүрүп, ата-энелерге кезегине жараша билдирүү жөнөтүп турат.

Система Бишкек жана Ош шаарларында иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий