• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Электрондук салык кызмат көрсөтүүлөрдү техникалык жана консультациялык колдоо кызматы иштей баштады

Экономика 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматында (МСК) электрондук салык кызмат көрсөтүүлөрдү техникалык жана консультациялык колдоо кызматы иштей баштады. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Салык кызматына караштуу "Салык Сервис" мекемесинин адистери (0312) 51-01-47, (0997) 00-01-16, (0755) 00-01-16, (0508) 99-66-69 (Telegram, Whatsapp) номерлери аркылуу техникалык колдоо көрсөтүшөт.

Ошондой эле, Telegram чат ачылды: https://t.me/+FFa53VLnzltjZGVi (Техподдержка ГУ «Салык Сервис»).

Көрсөтүлгөн номерлерге чалып же жазуу менен, салык төлөөчүлөр Салык кызматынын маалыматтык системаларынын, Salyk.kg "жеке кабинетинин" иштешине байланыштуу техникалык көйгөйлөр боюнча, анын ичинде отчетторду түзүүдө жана тапшырууда же башка электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү алууда көйгөйлөр пайда болгон учурда кеңеш же жардам ала алышат.

Кызматтын кызматкерлери каталарды андан ары жоюу максатында иштеп чыгуу жана аны белгилөө боюнча иштерди да жүргүзүшөт, ошондой эле маалыматтык системаларды автоматташтыруу жана жакшыртуу боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды кабыл алышат.

Пикир

Оставить комментарий