• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Электрондук салык отчетун милдеттүү түрдө берүүнүн жаңы мөөнөттөрү аныкталды

Коом 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы токтому менен салык төлөөчүлөрдүн электрондук документ түрүндөгү салык отчетун милдеттүү түрдө берүүгө өтүүсүнүн жаңы мөөнөттөрү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Жаңы мөөнөттөргө ылайык, электрондук салык отчетун 2021-жылдын 1-апрелинен тартып уюмдар, 2022-жылдын 1-январынан тартып жеке ишкерлер Salyk.kg "Жеке кабинети" аркылуу берүүгө милдеттүү болушат.

Салык отчетторун берүү үчүн Salyk.kg сайтында тийиштүү арызды толтуруп жана аны басып чыгарып, каттоодон өткөн жери боюнча салык органына тапшыруу жетиштүү, андан кийин “Жеке кабинетке” кирүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Кирүүгө мүмкүнчүлүк алгандан кийин отчет тапшырууга жана башка онлайн салык кызматтарын толугу менен акысыз пайдаланууга болот.

Ошол эле учурда, уюмдар (дыйкан же фермердик чарбалардан тышкары) 2022-жылдын 1-январынан тартып квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетун электретдук түрдө берүүгө милдеттүү болушат.

Эскерте кетсек, буга чейинки бекитилген мөөнөттөргө ылайык, уюмдар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-январынан тартып квалификациялуу электрондук кол тамганы пайдалануу менен салык отчетун электрондук түрдө берүүгө милдеттүү болушкан. Ал эми КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар 2019-жылдын 1-июлунан тартып электрондук салык отчетторун берүүдө квалификациялуу электрондук кол тамгасы колдонушууда.

Кененирээк маалыматты www.sti.gov.kg сайтынан же 116 номери аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий