• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Электрондук система киргизүү менен мамлекеттик сатып алуулардын ачык-айкын тутуму курулат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 25.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин жыйынында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириктирилген долбоору 2-окууда каралды. Демилгечилер – депутаттар Маматалиев М.А., Дюшалиев А.К. жана Бакиров М.И., Алтынбеков А., Узакбаев А.О., Жунус уулу Алтынбек.

2-окуудагы мыйзам долбоору боюнча Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору тендерлерде атаандаштыкты андан ары өнүктүрүү, мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерлерге катышууга жергиликтүү ишканаларды көбүрөөк тартуу максатында иштелип чыккан.

Бул мыйзам тендерлерди өткөрүүнүн адам факторунун кийлигишүүсү толук жокко чыгарыла турган электрондук системасын киргизүү аркылуу мамлекеттик сатып алуулардын бир кыйла ачык-айкын системасын курууга багытталган. Чындыгында эле мамлекеттик сатып алуулар системасына оӊ таасир тийгизген бир топ жагдайлар түзүлдү. Бирок, тилекке каршы, тендерлерди өткөрүүнүн электрондук системасын буйтап өтүү механизмдери бар экендигин практика көрсөтүп жатат.

Демилгечилердин негиздемесине ылайык, долбоор аркылуу кайсы бир компанияны жактабасын деген максатта алгач эч нерсеге карабай туруп сапатына көңүл буруу үчүн техникалык талаптарга жооп берерин аныктап, андан кийин баасын аныктоо этабына өтүү ыкмасы сунушталууда.

Ошондой эле аракеттеги мыйзамда коррупциядык элементтерге жол берүүчү жагдайлар четтетилип, жокко чыгарылууда. Мындан сырткары, тикелей келишим түзүүгө уруксат берүү маселесине түзөтүүлөр киргизилип жатат. Долбоор аркылуу коррупциялык жагдайлар менен кайра-кайра тендер өткөрүүгө, же анын мөөнөтүн жылдап узартууга бөгөт коюлууда.

Жыйынтыгында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириктирилген долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий