• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Электрондук тамекинин зыяны аз — фейк. Тамеки чыгарган компаниялардын капчыгы калыңдоодо

Коом 0

Бишкек, 01.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Учурда электрондук тамеки чыгарган компания менен элдин ден соолугу менен күрөшкөн адамдардын ортосунда күрөш жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Айылдык ден соолук комитеттеринин координатору Рахатбек Мамыткожоев билдирди.

Анын айтымында, аталган коопаниялардын эң чоң куралы — фейк, жалган маалыматтарды чыгаруу.

“Алсак, электрондук тамекилер, вейп, iQOS сыяктуулар кадимки тамекиге караганда зыяндуулугу аз экендиги айтылат. Электрондук тамеки чылым эмес деген түшүнүктү киргизип жатат. Экөөнүн зыяндуулугу бирдей. Бирок ага карабай өспүрүмдөр арасында электрондук тамекилер өтө тез тароодо. 2019-жылы мектеп окуучулары арасында изилдөө жүрүп, анын жыйынтыгында окуучулардын 22 пайызы жети жашка чейин тамеки чегип көргөнү аныкталган. Ал эми электрондук тамекини чегип көргөндөр үч эсе жогору болгон. Азыр 6-класстын окуучулары вейп, iQOS алып жүргөнүн көрүүгө болот. Биздин жаштар чылым компаниялардын киреше булагы болбошу керек”, - дейт ал.

Мамыткожоев 15-18 жаштагылар арасында электрондук тамекини кыздар эркектерге караганда үч эсе көп чегери аныкталганын айтат.

“Анткени жаштар аны мода деп ойлошот. Ошондой эле ал зыяны аз деген жалган маалыматтарга ишенишет. Мындан сырткары, Дүнөлүк саламаттык сайтоо уюмунун колдоосу менен 2017-жылкы изилдөөдө Кыргызстанда эркектердин 48 пайызы тамеки чегет экен. Андан бери статистика өзгөргөн жок. Эгер чылым чеккен адам каза болуп калса анын ордуна башка бирөө келип жатат, азайган жок. Жарандардын 30 пайызы пассивдүү тамеки чегүүчү болот. Ал деген, сигарет чеккен адамдардын жанындагылар да түтүн менен дем алышат”, - дейт ал.

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин студенти Гүлзина Сабыржан кызынын пикиринде, тамеки 25 түрлүү ар кандай оорунун себепкери болот.

“Ал дароо билинбей кийин гана чыга келет. Дүйнөдө 10 секунд сайын бир адам чылымдан каза болот жана адамдардын 10 пайызы рак илдетине чалдыгат. Кыргызстанда болсо эркектердин 60 пайызы, аялдардын 30 пайызы чылым чегет экен. Өспүрүмдөр арасында электрондук сигарет кеңири жайылды. Кино, ар кандай маалымат булактарынан жаштарга анын зыяны аз экендиги тууралуу жалган маалыматтар тароодо”, - деген оюн ортого салды Гүлзина Сабыржан кызы.

Электрондук тамеки (Вейп) менен тамекинин ортосунда кандай айырма бар?

1) Тамеки буюмдары - никотинди камтыйт. Вейп бул (электрондук система) - никотинди жеткирүүчү система.

2) Вейп аркылуу буу менен дем алуу кадимки тамеки тартуу процессине окшош, ошондуктан ал көп учурда альтернатива катары кабыл алынат.

3) Тамеки - ачуу түтүн чыгарат. Вейп болсо никотин, уулуу заттар жана жыпар жыттуу заттарды камтыган химиялык суюктуктун буусу кийимде, териде жана чачта жагымсыз жыт калтырбайт.

4) Вэйптер тамеки буюмдарына (тамеки, түтүктөр же кальян), башкалары калем, флешка, помада, сувенирдик гитара, мотоцикл, тапанча ж.б. окшош. Аппарат көзгө уруна бербейт.

IQOS (Aykos) - нымдалган түтүн, аэрозолдор, курамында никотин бар (тамеки) жылытуу системасы. Тамеки таякчалары тамеки чегүү үчүн колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий