• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Елена Бондарец бүгүн өспүрүмдөр арасында III кышкы Олимпиада оюндарындагы мелдешке чыгат

Спорт 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Кыргызстандык Елена Бондарец бүгүн, 14-январда экинчи ирет өспүрүмдөр арасында III кышкы Олимпиада оюндарындагы мелдешке чыгат.

Олимпиада оюндары Швейцариянын Лозанна шаарында өтүүдө.

Бондарец спорттун биатлон түрүнүн 6 чакырымга узаган спринтердик жарышка катышат.

Кыргызстандык спортчу буга чейин биатлондун 10 чакырымга узаган жеке жарышка катышып, бирок ок атууда ката кетиргендиктен жарыштан четтетилген.

Пикир

Оставить комментарий