• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элеттик жаштардын келечектеги билим алууга жана иштөөгө болгон умтулуулары жөнүндө вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 20.06.20. /Кабар/. Онлайн университетинин педагогика лабораториясы бүгүн, 20-июнда саат 17:00дө "Кыргызстандагы элеттик жаштардын келечектеги билим алууга жана иштөөгө болгон умтулуулары" темасында вебинар өткөрөт. Бул тууралуу аталган вебинардын уюштуруучуларынын бири Элира Турдуева билдирди.

Вебинарда элеттик жаштардын билим алууга жана иштөөгө болгон умтулуулары туурасында сөз болот. Спикер Рахат Жолдошалиева өзүнүн 2010-2011-жылы Кыргызстандын тоолуу аймактарынын биринде жүргүзгөн билим берүүнүн сапаты боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен тааныштырат. Ал изилдөөдө 15 жаштан 18 жашка чейинки элеттик жаштардын билим алууга жана иштөөгө болгон умтулууларына постсоветтик өткөөл шарты кандай таасир эткендигин талдайт. Элеттик билим берүү системасы жана үй-бүлөлүк, социалдык шарт алардын күндөлүк тажрыйбасына жана келечекке болгон тилектерине кандай таасир эткендигин көрсөтөт. Бул изилдөөдө маалыматты талдоо үчүн Пьер Бурдьёнун хабитус (же габитус), капитал жана социалдык талаа концепциялары колдонулган.

Изилдөөнүн натыйжасында, элеттик жаштардын билимге жана жумушка болгон үч түрдүү социалдык траекториясы аныкталган. Ошондой эле, изилдөөчү жаштар постсоветтик элеттик социалдык түзүлүштөрдүн курмандыгы эместигин, алар өздөрүнүн көз карандысыздыгын практика жүзүндө көрсөткөндүгүн далилдеп берет.

Вебинардын спикери Рахат Жолдошалиева азыркы учурда Германиянын Гамбург шаарында жайгашкан ЮНЕСКОнун Өмүр бою үйрөнүү институтунда эмгектенет. Ал докторлук изилдөөсүн 2015-жылы Канададагы Торонто университетинин Онтарио Билим Берүүнү Изилдөө институтунда жактаган. Рахат Жолдошалиева негизинен билим берүү системасындагы жана практикасындагы социалдык теңсиздик (гендердик жана аймактык) маселелерин изилдейт.

Вебинардын шилтемеси

Конференциянын идентификатору: 981 2142 0127

Паролу: 708940

Пикир

Оставить комментарий