• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«ЭлТР» телерадиокомпаниясына жаңы жетекчи дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Калыкулов Керимбек Акматалиевич «ЭлТР» телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Маалымдама: Калыкулов Керимбек Акматалиевич 1981-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

Калыкулов Керимбек көп жылдык журналисттик иш тажрыйбага ээ. Мурда «Ош шамы» гезитинин башкы редактору, Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси, Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучусу, Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» телестудиясынын директору, «Эркин Тоо» өкмөттүк гезитинин башкы редакторунун Ош облусундагы орун басары, Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси кызматтарында иштеген.

2014-жылдын июлунан бери Калыкулов Керимбек «ОшТВ телеканалы» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген.

Пикир

Оставить комментарий