• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элвира Сурабалдиева: Мугалимдер, дарыгерлер жана балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн турак-жайларды куруу керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019 – жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоор талкууга алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен 2018-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 142,5 млн. сом тегерегинде болуп, ички дүң продукциясына карата 26.5%ды түзөөрү болжолдонгон. Ал эми ушул жылдын бекитилген бюджетине салыштырганда 2018-жылы салык кирешелери 13,2%га көбөйөрү белгиленүүдө.

Эл өкүлдөрү республикалык бюджеттин кирешесине салыктык, бажылык жана башка кирешелердин көлөмүн көбөйтүү менен тоскоол болуучу жагдайларды жоюу керектигине токтолушуп, Өкмөттү салык чогултуу жаатында тиешелүү көзөмөлдү күчөтүү зарылчылыгын кошумчалашты.

Андан тышкары, жыйында 2018-жылы мугалимдик жана дарыгерлик кесип менен алектенген адистерди, ошондой эле балдар үйүнүн чыккан жарандарды турак-жай менен камсыздоо маселеси да көтөрүлдү. Алсак, депутат Элвира Сурабалдиева бул көйгөй өтө курч экендигин белгилеп, Өкмөт өкүлдөрүн эске алууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий